Мамлекеттик органдардын спартакиадасында командалык эсепте Каржы министрлиги менен Ички иштер министрлиги жеңүүчү атылышты

Бүгүн, 14-ноябрда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов мамлекеттик органдардын арасында өткөн спартакиада оюндарынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарын тапшырды. Топтогон упайларынын эсеби боюнча КРнын күч түзүмдөрү жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында ИИМдин командасы биринчиликти алды. Ал эми күч түзүмдөрүнө кирбеген органдар арасында Каржы министрлиги алдыга чыккан. 
Кошумчалай кетсек, мелдешке жалпысынан 38 мамлекеттик мекемеден 1898 киши катышты. 
Күч түзүмдөрүнө кирбеген органдар арасында 1276 катышуучу болду. Байгелүү орунду ээлеген командалар тизмеси:
1-орун. КРнын Каржы министрлиги 
2-орун. КРнын Салык кызматы 
3-орун. КРнын Экономика министрлиги 
КРнын күч түзүмдөрү жана укук коргоо органдарынын арасындагы 622 катышуучу болду. 
1-орун. КРнын Ички иштер министрлиги 
2-орун. КРнын Коргоо министрлиги
3-орун. КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан