Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн улам 3-4 айыл светсиз калды, мектептер убактылуу жабылды (фото)

Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн улам 3-4 айыл светсиз калды, мектептер убактылуу жабылды. Муну бүгүн, 14-ноябрда Тоң районунун акими Бакыт Рыспаев SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, бир топ айылдагы социалдык мекемелер менен үйлөрдүн дубалдарынан жарака кетти. 
"Учурда атайын комиссия түзүлүп, абалды иликтөөнү баштады. 3-4 айылда свет өчтү, РЭСтин кызматкерлери иштеп жатышат. Жер титирөө дагы кайталанышы мүмкүн болгондуктан, жер титирөөнүн очогуна жакын айылдарда мектептерди убактылуу жаптык. Окуучулар таратылды. Комиссиянын жыйынтыгы жакын арада чыгып, келтирилген чыгымдар айтылат",- деди Рыспаев. 
Айта кетсек, бүгүн таңга маал Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айыл аймагында күчү 7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер силкинүүнүн күчү 7 баллга жеткен айылдар: Кажы-Сай, Бөкөнбаев, Тосор жана Тамга. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
mister-maku
2014-11-14 12:34:02
билбейм иши кылып катуу болду журок тушуп калды
+1
mister-maku
2014-11-14 12:35:01
эртен мененки саат 7. 25те болду
+1
aku
2014-11-14 12:40:09
Бишкекте да болду жаткан кровать кадимкидей чайпалды го.бирок бат эле отуп кетти
+1
jasi
2014-11-14 15:58:27
Кудай сактай кор, айтып келбейт да кырсык деген.
+1
lusi2013
2014-11-14 16:06:12
Кырсыктар жана кыйроолор жок деп ким айтты силерге супер?
+1
admin_portal
2014-11-14 16:19:30
lusi2013, Саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, окуй аласыз: http://www.super.kg/kabar/news/89189/
+2
sezimai93
2014-11-14 16:54:39
кудай сактай кор
+1
nurkasym-2014
2014-11-14 20:46:47
Кудайым табигый кырсыктан сактасын.Ошон учун кырсык каш-кабактын ортосунда деп атып койюушатго.Кырсык кабар бермек беле.
+2
bossmos7
2014-11-15 02:18:02
Жараткан Элимди сакта !
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан