13-ноябрь күнү Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигине жалпы билим берүү мектептеринде таңкы гимнастиканын комплекстерин өткөрүү үчүн кошумча материалдар ташырылды. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик агенттик тарабынан кыргыз жана орус тилдеринде 10 миңге жакын китепче даярдалды. Мындан сырткары 2400 даана DVD маалымат алып жүрүүчү каражаттарда видеосабактар жазылды. Аталган окуу каражаттары республикадагы бардык жалпы мектептерге таратылат.
Көнүгүүлөрдүн комплекси атайын түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыкты. Жумушчу топко дене тарбия жана спорт жаатындагы адистер, Гимнастика федерациясынын өкүлдөрү жана башка адистер киришти. Бардыгы болуп үч гимнастикалык комплекс иштелип чыкты. Алардын узактыгы он беш мүнөткө чейин жетет: башталгыч класстын окуучулары үчүн, орто класстар үчүн жана жогорку класстын окуучулары үчүн деп гимнастикалык комплекстер үчкө бөлүнөт. Келечекте талап кылынса, комплекске кирген көнүгүүлөрдү алмаштыруу каралган.
Эскерте кетсек, бул иш-аракеттер мектеп жашындагы балдардын арасындагы оорулардын алдын алуу жана балдардын дене тарбия жана спортко болгон мамилесин оң тарапка бурууга багытталган.