Жер титирөөдөн Кажы-Сай айылында 1 мектеп, 1 бала бакча жана Маданият үйү жабыркады

Жер титирөөдөн Тоң районунун Кажы-Сай айылында 1 мектеп, 1 бала бакча жана Маданият үйү жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 14-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, аталган объектилердин дубалдарынан 3-4 сантиметрден 7-8 сантиметрге чейин жаракка кеткен. Азыркы учурда Облустук жарандык коргонуунун комиссиясы аныктоо-тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Айта кетсек, бүгүн эртең менен өлкөнүн түндүк аймагында жер титиреп, анын күчү Кажы-Сай, Бөкөнбаев, Тосор жана Тамга айылдарында 7 балл, Балыкчы шаарында 4,5 балл, Каракол шаарында 5 балл, Чолпон-Ата шаарында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл жана Бишкек шаарында 3 балл болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан