Бишкекте "өгөй кызын сабаган" деген шек менен анын өгөй атасы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалым болгондой, 12-ноябрь күнү милиция кызматкерлерине арыз менен Көлмө конушунун 23 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал кыз өгөй атасы урганын айтып, ага карата чара көрүүнү суранган.
Иликтөө иштеринин натыйжасында Көлмө конушунун 44 жаштагы жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылды. Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.