13-ноябрь күнү Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо 14 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында өлкө биринчилигинин финалдык бөлүгү аяктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, облустук жана шаардык Футбол федерациясынын жетекчилери катышышты. Анда Бишкек, Ош, Баткен, Кант шаарларынан 4 команда катышып, жыйынтыгында 3-орунду Ош курама командасы, 2-орунду Бишкек футболдук борбору, 1-орунду “Абдыш-Ата” командасы багындырышты. Биринчиликтин жеңүүчүлөрүнө атайын кубок, медалдар жана бир нече номинация боюнча дипломдор, грамоталар ыйгарылды.