КРнын Билим жана илим министрлиги менен Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги “КРнын окуучулар жана студенттерине дене тарбиянын нормативдик негиздерин 2014-2015-окуу жылына киргизүү боюнча” биргелешкен буйрукка кол койду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Дене тарбиянын нормативдик негиздери жүргүзүлгөн сыноолордун, СССР маалындагы нормативдик тажрыйбалардын негизинде даярдалып, мектеп окуучуларына башка, ал эми студенттерге же ошол курактагы жаштарга башка талаптар иштелип чыкты. Пилоттук долбоор катары министрлик тарабынан 19 окуу жайы каралып, аларга жогоруда аталган нормативдер киргизилет. Долбоор боюнча нормативди ийгиликтүү тапшырган окуучулар жана студенттерге социалдык-экономикалык жана моралдык шыктандыруучу жеңилдиктер каралган. Мисалы, спорттук секцияларга жеңилдетилген төлөмдөр, ЖОЖдорго тапшыра турган абитуриенттерге кошумча упайлар, окуу үчүн төлөнө турган акчалай төлөмдү жеңилдетүү.
Пилоттук долбоорго кирген окуу жайлардын тизмеси төмөнкүдөй:
Жогорку окуу жайлар:
1. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;
2. Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети;
3. Ош мамлекеттик университети;
4. Жалал-Абад мамлекеттик университети;
Жалпы билим берүү мекемелери:
Бишкек шаары
1. Октябрь району – №14, №39 жана №73-орто мектептери;
2. Ленин району – №2, №72 жана №82-орто мектептери;
3. Свердлов району – №78, №81, №83-орто мектептери.
Жалал-Абад облусу
1. Токтогул Сатылганов атындагы орто мектеби (Токтогул району).
Чүй облусу
1. Лебединовканын №2-мектеп-гимназиясы;
2. Новопавловканын №2-мектеп-гимназиясы;
3. Беловодск айылынын №3-орто мектеби;
4. Токмок шаарынын №9-орто мектеби.
Талас облусу
1. Н.Рысакова атындагы №2-орто мектеби (Талас шаары).