Жер титирөөнүн кесепетинен Кажы-Сай айылында 200гө жакын турак үйдө жаракалар кеткен

Азыркы убакта жер титирөөнүн кесепеттери боюнча Тоң райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн, райондук, айыл аймактык Жарандык коргоо комиссиялары жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Облустук башкармалыгы тарабынан ыкчам топтор чыгып, тактоо-иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 14-ноябрда билдирди.

Министрликтин Тоң райондук бөлүм башчысынын маалыматына ылайык, Кажы-Сай шаарчасындагы Пушкин орто мектебинде, спортзалда, балдар бакчасында, Маданият үйүндө, интернатта, “Алтын жээк” пансионатында, 200гө жакын турак үйдө жаракалар кеткен. Ал эми Тоң айыл аймагындагы Сары-Талаа тилкесинде дагы 2 турак үй жабыркаган. Ошондой эле тактоо, иликтөө иштеринин негизинде берилген алдын ала маалымат боюнча, Каракол шаарында жана Ак-Суу, Түп райондорунда кыйроолор жана жапа чеккендер жок.

Айта кетсек, бүгүн эртең менен өлкөнүн түндүк аймагында жер титиреп, анын күч Кажы-Сай, Бөкөнбаев, Тосор жана Тамга айылдарында 7 балл, Балыкчы шаарында 4,5 балл, Каракол шаарында 5 балл, Чолпон-Ата шаарында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл жана Бишкек шаарында 3 балл болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Arsenjan
2014-11-14 17:38:14
Бишкекте да болду эле...
0
kg.sity93
2014-11-14 18:11:17
Сактасын кудайым.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан