Бишкекте бүгүн кечинде өлтүрүлгөн оперкызматкерди абактан качып, издөөдө жүргөн Александр Сояпин аттуу жаран аткан. Бул тууралуу 14-ноябрда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди.
Маалым болгондой, оперкызматкерлер абактан качкан жаранды кармоо учурунда ал каршылык көрсөтүп, ок чыгарган. Натыйжада Бишкек ШИИББинин кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн 28 жаштагы Бакай Сыдыгалиев аттуу кызматкеринин башына жана көкүрөгүнө ок тийип, ал окуя болгон жерден каза тапты. Ал эми А.Сояпин бутунан жаракат алып, окуя болгон жерден изин суутуп кеткен.
Белгилүү болгондой, кылмышка шектүү жаран Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан издөөдө жүргөн. Ага карата 336-берене (эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда кылмышкерди кармоого бардык күчтөр жумшалып, "кылмышкерди кармоо" операциясы жарыяланган.
Эске салсак, оперкызматкерди Биринчи Май районунун аймагында, Тоголок-Молдо - Шорин көчөлөрүнүн кесилишинен саат 17:20 чамасында атып кеткен.