Жалал-Абадда кардардын 1 миллион сомун депозитке салбаганы үчүн банк кызматкери айыпталууда

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы банктардын биринин бөлүм башчысы ишенип берилген ири өлчөмдөгү мүлктү жок кылуу жана ээлеп алуу, ошондой эле кардарды алдоо боюнча шектелүүдө. Бул тууралуу 14-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ОИИБинин 5-бөлүмүнүн кызматкерлери банктагы жетекчилик кызматтын айрым адамдары тарабынан мыйзам бузуу фактысын аныкташкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө 2012-жылы аталган облустун жашоочусу банкта депозит ачып, бир жылдык мөөнөттө 1 миллион сомго жакын акча каражатын салган. Кардарга банкир аларда жогорку пайыздык чен экендигин айткан. Бир жылдан ашуун убакыт өткөндөн кийин ал кардар өзүнүн каражаты тууралуу билүү үчүн кайрылганда ар кандай алдоолор менен ага акчасын кайтарып беришкен эмес.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кардардын акчасы депозитке салынбаганы, банктын депозиттик эсебинде 1 миң сом гана болгону, ал эми калган каражат каржы мекемесинин жетекчилиги тарабынан ээленип алынганы аныкталган.

Бул факт боюнча Жалал-Абад ОИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексиндеги 171-берененин 4-бөлүмү (ишенип берилген мүлктү жоготуу же ээлеп алуу) жана 350-беренеси (мамлекеттик сыйлык, мөөр, штамп, бланк жана жасалма документтерди даярдоо, колдонуу же пайдалануу) менен кылмыш иши козголду. Учурда келтирилген чыгымдын көлөмү такталып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
K.Batken
2014-11-15 21:51:06
Кызык!кайсы банктын филиалы болдукен,admin?
0
Sharipa-asia
2014-11-17 00:26:33
Элди алдабаш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан