Украиналык мушкер Владимир Кличко 15-ноябрда IBF версиясы боюнча чемпиондук наамын сактап калды. Ал болгариялык мушкер Кубрат Пулев менен беттешип, 5-раундда атаандашын нокаутка учуратты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, ушуну менен В.Кличко карьерасында 66-беттешин өткөрүп, 63-жеңишин камсыздады (анын 54ү нокаут менен).