Жайыл районуна караштуу Токойлуу жер тилкесиндеги 2 кабаттуу кафе-мейманкана толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, аталган кафе-мейманкана Бишкек-Ош унаа жолунун 153-чакырымында жайгашкан. Өрт саат 15:05те башталып, ал саат 20:05те өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.