Ошто унаа уурдоо фактысына шектелген кылмыштуу топ кармалды

Ошто унаа уурдоо фактысына шектелген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 17-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине үстүбүздөгү жылдын апрель айында Ош шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталган. Анын негизинде кылмышка шектүү катары Ош шаарынын эки тургуну кармалган. Ошондой эле алардын июль айында жоголгон унааны уурдоо фактысына да катыштыгы бар экени аныкталды. Кылмышка шектүүлөр унааны уурдашып, кийин аны тетиктерге бөлүп сатышкан. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан