Бишкекте волейбол боюнча Сүймөнкул Чокморовдун жаркын элесине арналган республикалык мелдеш старт алды

Бүгүн, 17-ноябрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун жаркын элесине арналган волейбол боюнча республикалык мелдеш старт алды. Уюштуруучулар билдиришкендей, мелдешке жалпысынан 12 команда катышып, 2 тайпада оюн көрсөтүшөт. Тайпадан чыккан алдынкы эки команда кийинки баскычта оюн көрсөтүшөт. Аталган спорт түрүн Кыргызстанда өнүктүрүү жана командалардын чеберчилигин арттыруу максатында уюшулуп жаткан биринчилик 6 күнгө созулат. 

Мелдештин ачылыш аземине өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Исаев, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин спортту өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Канат Арпачиев, спорт ишмери Аскар Салымбеков, Бишкек шаардык спорт комитетинин директору Шейшенкул Бакиров жана башкалар катышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан