Баткен шаарында кол салуудан жабыркаган ишкердин абалы туруктуу. Бул тууралуу Баткен облустук аймактык ооруканасынын жетекчиси Тургунбай Айжигитов билдирди.
Анын айтымында, 16-ноябрь күнү эртең менен 61 жаштагы ишкер жана анын 56 жаштагы аялы оор абалда ооруканага келип түшкөн. Аларды кароо учурунда бычактан жараат алганы аныкталган. Ошондой эле жабырлануучунун башында жана мурунунда кесиктер болгон.
Айта кетсек, кол салуу 16-ноябрь күнү эртең менен болгон. Анда белгисиз адамдар ишкердин үйүнө киришип, аны жана аялын бир канча жолу бычак менен сайышкан. Анын кесепетинен алар оор абалда ооруканага жеткирилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышкерлер ишкерден акча талап кылышкан. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.