Каракол шаарында тоноо фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 17-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Каракол шаарынын 42 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал 24-октябрь күнү белгисиз эки адам күч колдонуп тоноп кетишкенин айткан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 18 жана 19 жаштагы эки бала кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.