Ысык-Ата районунда болгон жол кырсыгынан 2 жүргүнчү жабыркады

Ысык-Ата районунда болгон жол кырсыгынан 2 жүргүнчү жабыркады. Бул тууралуу Жол-кайгуул кызматынан бүгүн, 17-ноябрда билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 17-ноябрга караган түнү болгон. Анда 40 жаштагы айдоочу рулду башкара албай калып Хонда үлгүсүндөгү унаасы менен Даймлер Крайслер унаасын сүзүп алган. Анын кесепетинен эки жүргүнчү айым жабыркап, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда бул боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан