Жеке ишкананын салыкты төлөөдөн баш тартып жатканы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган кызматтын Чүй жана Талас облустары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жеке ишкана текшерүүгө алынган. Анын жыйынтыгында ишкананын мамлекетке 3,5 миллион сомго жакын салыкты төлөбөгөнү аныкталган. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.