Жайыл районунда мас айдоочунун айынан жүргүнчү каза тапты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 17-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 14-ноябрда Новониколаевка айылында болгон. Анда мас абалындагы айдоочу Хонда Фит унаасы менен катуу ылдамдыкта келе жатып каршы тараптагы Фольксваген Гольф унаасын сүзгөн. Анын кесепетинен экинчи унаадагы бир жүргүнчү окуя болгон жерден каза таап, дагы 3 адам ар кандай жарааттар менен ооруканага жеткирилген. Ошондой эле биринчи унаанын айдоочусу да жабыркаган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.