Волейбол боюнча республикалык мелдеште командалар алгачкы упайларын алышты

Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтүп жаткан Сүймөнкул Чокморовдун жаркын элесине арналган мелдеште 12 команда жарышка түшө баштады. 23-ирет өтүп жаткан мелдештин биринчи күнүндө “А” тайпасында “Жаңы муун” командасы менен “Ош бажы” командалары атаандаштарын утуп, алгачкы упайларын алышты. Ошондой эле Кыргызстандын Жогорку Лигасынын жеңүүчүсү “Жети-Суу” командасы да жеңишке жетише алды. Ал эми “В” тайпасында “Салам-Алик”, “Жаш-Күч” жана “Улуттук Гвардия” командалары 1-турда жеңүүчү аталышты.  

17-ноябрда катталган жыйынтыктар:

“Ош бажы” – “Улар” - 3:0

“Жаңы муун” – “Чаткал” - 3:0

“Салам-Алик” – “Талас-Шумкар” - 3:0

“Жети-Суу” – “Динамо ИИМ” - 3:1

“Улуттук Гвардия” – “Тримекс” - 3:1

“Жаш-Күч” – “Дархан” - 3:0  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bekos2012
2014-11-18 11:07:01
Илген баннерин кара, уят эле, канча ката бар..."Т.САТЫЛГАНОВА, ПРЕМИЯНЫН, ЭЭЛЕСИНЕ, КАМАНДАЛАР"
+1
nurkasym-2014
2014-11-18 16:52:02
Жаны-Муун алга.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан