Эл аралык футбол федерациясы дүйнөлүк футбол жылдыздары менен биргеликте Эбола вирусун таратууга каршы атайын акция уюштурууда. “Эболага каршы 11 киши” деп аталган акцияга португалиялык Криштиану Роналду, бразилиялык Неймар, ивуарлык Дидье Дрогба жана германиялык Филипп Лам сыяктуу футболчулар бар. Бул тууралуу аталган федерациянын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, акциянын башкы максаты - карапайым элди аталган вирус боюнча маалыматка эгедер кылуу. Футболчулар айта турган сөздөр медицина жаатында иштеген адистер тарабынан даярдалып, футболчулар видеоролик аркылуу элге кайрылышат.