Кумда ойнолуучу Азия оюндарында балбан Бекболсун Кушубаков күмүш медаль тагынды

Кечээ, 17-ноябрда Таиланддын Пхукет шаарында өтүп жаткан кумда ойнолуучу Азия оюндарында кыргызстандык балбан Бекболсун Кушубаков күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.  

Маалыматка ылайык, кум үстүндөгү күрөш боюнча бул мелдешке Кыргызстандын желеги астында Эрик уулу Элсүйөр (70 килограмм салмакта), Халдар уулу Бек (80 кг), Бекболсун Кушубаков (80 килограммдан жогорку салмакта) аттуу балбандар катышкан. 70 жана 80 килограмм салмактык бөлүктө кыргызстандыктар жарым финалга жете берген жок. Ал эми 80 килограммдан жогорку салмакта Бекболсун Кушубаков финалдык беттешин ирандык балбанга утулуп, экинчи орунду ээлеп калды.

Кошумчалай кетсек, бул аталган мелдештеги кыргызстандык спортчулардын эсебиндеги экинчи күмүш медаль. Буга чейин самбочу Артур Те күмүш медаль тагынган эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан