Бүгүн эртең менен кыргыз-тажик чек ара арасында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн эртең менен Ош облусунда жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 18-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, зилзаланын күчү эпицентрде 6 баллга жеткен. Анын очогу Тажик Республикасынын аймагында болуп, Ош облусунун Чоң-Алай районунун борбору Дароот-Коргон айылынан 180 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан. Жер титирөө Дароот-Коргон айылында 3 баллга сезилген. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
insap
2014-11-18 10:33:01
Кудай өзү сактасын бөөдө кырсыктан!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
+2
Ayka1994
2014-11-18 10:58:11
Ар кандаай кырсыктардан кудай озу сактай корсун
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан