Чүй облусундагы Москва районуна караштуу Сретенка айылында жаш баланын от менен болгон шоктугунан улам ГАЗ-52 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, тилсиз жоо 17-ноябрда саат 14:45 чамасында башталып, ага бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, 1 сааттын ичинде толугу менен өчүрүлгөн. Иликтөө иштеринин натыйжасында өрт 9 жаштагы Н.Э. аттуу баланын от менен болгон шоктугунан улам келип чыкканы аныкталды.