Тынчтык-Сухомлинов көчөлөрүнүн кесилишиндеги канализациялык люктан адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди.
Маалым болгондой, селсаяктын сөөгү 17-ноябрда канализациялык люктарды сантехниктер текшерип жүргөн учурда табылган. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери жана тиешелүү адистер ал адам селсаяк экенин жана бир нече жума мурун каза болгонун аныкташкан. Анын денесинен эч кандай бузулуу же кыйнап өлтүрүлгөндүгү тууралуу белгилер табылган эмес.