Борбор калаада мэриянын райондук администрацияларынын арасында кичи футбол боюнча мелдеш өтүүдө

Өткөн аптанын соңунда мэрдин VII кубогунун алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын структуралык бөлүмдөрү жана райондук администрациялар арасында кичи футбол боюнча мелдештин салтанаттуу ачылышы өттү.

Мелдеш дене тарбиялык кыймылдарды чыңдоо жана мэриянын структуралык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин спорт менен машыгууга чакыруу максатында өткөрүлүп, жеңүүчүлөр калаа башчысынын кубогу менен сыйланат. 

Мелдештин салтанаттуу ачылышына Шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров, кичи футбол боюнча башкы судья Эмил Бусурманкулов катышты. Аталган мелдеш үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрынан 23-ноябрына чейин өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zman53
2014-11-18 11:28:02
Жондоп иштей албай жатышып,футболду эмне кылышат?Шаардын кебетеси кундон-кунго чейин эле жаман болуп баратат.Шаар башчысы кандай болсо,командасы да ошондой го дейм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан