Бишкек шаарынын Ленин райондук РИИБи тарабынан “Тазалык” муниципалдык ишканасынын айдоочусун жана таштанды жүктөөчүнү ур-токмокко алган милиция кызматкерлерине карата 234-берене (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалым болгондой, 5-ноябрдан 6-ноябрга караган түнү Айни-Муромская көчөлөрүнүн кесилишинен таштандыларды жыйнап жүргөн муниципалдык ишкананын 2 жумушчусун 5 милиция формасын кийген жаран сабап кеткен. Токмоктолгон айдоочу денесинен жаракат алып, ал эми таштанды жүктөөчүнүн кабыргасы сынып ооруканага түшкөн.
Ал түнү таштандыларды жыйнап жүргөн "Тазалыктын" жумушчуларынын жанына мамлекеттик номуру жок Хонда Аккорд үлгүсүндөгү кара түстөгү унаа келип токтогон. Анын ичинен милициянын формасын кийген жаран чыгып, таштандыны айдоочунун бутуна ыргытып жиберген, ага айдоочу өзүнүн сынын айткан. Милиция кызматкери ачууланып, аларды сөгүп, кетип калган. 10 мүнөттөн кийин ал дагы 4 милиция кызматкери менен келип, "Тазалыктын" 2 кызматкерин ур-токмокко алган.
“Бул иш боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ур-токмокко алган милиция кызматкерлеринин өздүгүн тактоо боюнча бир катар иш-чаралар жүрүүдө”,- деп белгилешти Бишкек ШИИББинен.