Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 18-ноябрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 2, Нарын облусунда 1, Ош шаарында 2, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.
Базар-Коргон районундагы үйлөрдүн биринен отункананын 20 чарчы метр чатыры, 1,5 куб отун күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Ошондой эле Токтогул районуна караштуу Жаңы-Жол айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринде аянты 45 чарчы метр сарайдын чатыры, 1000 түк чөп күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.