Бишкекте Башкы прокуратуранын түзүлгөнүнүн 90 жылдыгына карата бокс боюнча республикалык мелдеш старт алды

Бүгүн, 18-ноябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда КРнын Башкы прокуратурасынын түзүлгөнүнүн 90 жылдыгына карата бокс боюнча республикалык мелдештин ачылыш аземи болуп өттү. Спорт чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн кылмыш дүйнөсүнө аралашуусуна бөгөт коюу максатында уюшулуп жаткан мелдештин ачылышына Башкы прокуратуранын өкүлдөрү, КРнын Бокс федерациясынын өкүлдөрү жана ЖКнын депутаттары күбө болушту. Азем ыр-бий менен коштолду. 

Кошумчалай кетсек, мелдешке 1999-2000-жылдары туулгандыгы тастыкталган 130га чукул мушкер катышууда. Катышуучулар 7 облустан чогулушкан. Андан тышкары Бишкек жана Ош шаарларынан да атайын курамалар түзүлгөн. 21-ноябрда жыйынтыктала турган мелдеште 9 салмак категориясы боюнча жеңүүчүлөр аныкталат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан