Кара-Балта шаарынын мурунку мэри Данияр Шабдановго козголгон кылмыш иши Жайыл райондук сотуна өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Данияр Шабдановго карата ушул жылдын 17-июлунда кылмыш иши козголгон. Анда мэрге Кылмыш кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Жер мыйзамын бузуу” деген беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон болчу.
Белгилүү болгондой, бул иш боюнча жакын арада сот процесси башталат.
Эске салсак, 2014-жылдын 9-июнунда Кара-Балта шаарынын тургундары мэр Д.Шабдановдун отставкага кетүүсүн талап кылып митинг өткөрүшкөн. Анда Кара-Балта шаары боюнча “Шаар кургап жатат жана бузулууда, ал эми элдик каражаттар бир чөнтөккө кетүүдө!” деген жазуулары бар баракчалар таратылган.