"Ажыга баруучулардан алдап акча алган" деп шектелип Ош облусунун мурдагы казысынын кеңешчиси кармалды

"Ажыга баруучулардан алдап акча алган" деп шектелип Ош облусунун мурдагы казысынын кеңешчиси кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков SUPER.KG порталына бүгүн, 18-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, күч органдарына Баткен районунун 42 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал өзүн “ажы башымын” деп тааныштырган Түркбай аттуу адам ажыга жөнөтүү үчүн 2400 доллар алып, убадасына турбаганын айткан. Ушундай эле арыз менен Баткен районунун дагы 3 жараны кайрылган. Алардан жалпы 8800 доллар алган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 56 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну, Ош облусунун мурдагы казысынын кеңешчиси Түркбай Полотов аттуу жаран кармалган. Ал буга чейин 3 жолу ажыга барып келген. Ошондой эле анын Ош облусунда 7 адамды алдаганы аныкталган. Кылмышка шектүү ажыга кете турчу рейсти билип, алданган жарандарды бир күн өткөн соң аэропортко чакырган. Кийин “биз рейстен кечигип калыптырбыз” деп кутулган. Эгер ким бул жарандан жабыркаса, милиция кызматкерлерине кайрылса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Oolokon
2014-11-18 15:18:14
Бул мурдагы казы Суйундун кенешчиси аны дагы кичине казса былыктар чыкса керек...
0
myrza80
2014-11-18 15:30:55
Кудай озун сакта,эми акча учун Аллахтан да коркушпайт мындай окуялар коп.Ошон учун муфтията дайым тополон.
0
al-abu-kinesz
2014-11-18 23:03:26
Кайда баратабыз?!? Оозума тообом келбей калды....
0
ulan.zhoroev
2014-11-19 02:00:55
Жарайсыз таксыр сизден отоору жокко дейм бизге жакшы улгу корсотунуз а бул онорду балдарынызга мурас кылып калтырып кетсениз болмок экен ( молдонун айтканын кыл кылганын аткарба) деп туура айткан экен
0
barpy1
2014-11-19 02:38:20
Бир жагынан сакал коюп же хиджап кийип арап маданиятын коомго тануулап, ар кайсы агымдарга мучо болуп согушка ундогондор, Сирияга жоноп жаткандарга кыжырын келсе, экинчи жагынан кызыл кулак алдамчыларды коруп катардагы мусулмандар кайда барат?!!! Ислам дини конституциябы, ынгайына карап чечмелеп озгортсо боло бере турган?!!! Элдин ишеничи азайып, диндин куту качат го мындайда!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан