Бишкек шаарында “велосипед уурдаган” деп шектелген 17 жаштагы шаардын тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине арыз менен 34 жаштагы жаран кайрылган. Анда ал 14-ноябрь күнү белгисиз адамдар анын үйүнүн жер төлөсүнүн кулпусун талкалап, баасы 250 долларлык Гест үлгүсүндөгү велосипедди уурдап кетишкенин айткан.
Иликтөө иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан 17 жаштагы О.Азамат аттуу тургун кармалды. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.