Кыргызстанда жылына 3 миңге жакын жер титирөө учурлары катталат, 2015-жылдын январь айында да жер титирөө күтүлүүдө

Өлкө аймагында жыл сайын 3 миңге жакын жер титирөө учуру катталат. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда SUPER.KG порталына Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматов билдирди.  

“Статистика боюнча, Кыргызстанда 3 миңге жакын жер титирөө катталат. Алар күчтүү эмес, ошол себептен улам алардын көбү сезилбейт. Алардын көбү тоолуу аймактарда катталат жана күчү 5-6 баллга чейин жетсе, ал жакка жакын айылдарда 3 баллга чейин жетет”,- дейт К.Абдрахматов.

Анын айтымында, жыл сайын 3 маалда жер титирөө учуру катталат: декабрь-январь, май-июнь жана сентябрь айлары. Ушул жылдын декабрь айында, ошондой эле 2015-жылдын январь айында жана июнь айынын башында жер силкинүү учуру катталышы ыктымал.

“Кыргызстанда акыркы катуу жер титирөө 1885-жылы катталып, анын күчү 9 баллга жеткени айтылат. Мындай күчтүү зилзала өлкө аймагында дагы миң жылдан кийин кайталанышы мүмкүн. Себеби, статистика боюнча, мындай катуу жер титирөө 3-5 миң жылда бир кайталанат. Жалпы картаны карасак, Кыргызстанда 9 баллга жетчү зилзала болушу мүмкүн, бирок анын болуу мүмкүнчүлүгү 1 пайыздан төмөн”,- дейт К.Абдрахматов.

Белгилүү болгондой, 2016-2018-жылга чейин сейсмикалык активдүүлүк болот. Андан соң 2020-жылга чейин республика аймагында сейсмикалык тыныгуу күтүлөт. Ал эми 2020-жылдан баштап 2026-жылга чейин кайрадан сейсмикалык активдүүлүк башталмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Taalai_kg
2014-11-18 17:15:48
бир кудайым билет адам баласынын колунан эч нерсе келбейт жаратканым бизди боодо кырсыктан сактксын
0
arisim
2014-11-18 17:31:46
Кудайым бизди айтырбай келген кырсыктан сактасын эртенки кунубуз эмне болорун бир гана Алла таала билет.
0
temirov76
2014-11-18 17:41:06
АЛЛАХ сактасын,тообо келтирип журолук.
0
danyshman
2014-11-18 20:13:54
Аллах озун сактай кор
0
Kairych
2014-11-19 09:54:06
Жер титироону алдын ала турган кандайдыр бир аппарат адам баласы тарабынан ойлонуп чыгарыла элек. Ошондуктан, жогоруда аталгандын баардыгы мурунтадан бери келе жаткан статистиканын негизинде гана алынган маалымат болуусу керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан