Милициянын оперкызматкери Бакай Сыдыгалиевди атып өлтүргөн качкын кылмышкер Александр Сояпинди Свердлов райондук сотунун судьясы Дөөлөтбек Турдукожоев 2 айга камакка алуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда SUPER.KG порталына аталган соттун канцеляриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, А.Сояпин 2015-жылдын 17-январына №1-СИЗОдо камакта болот.
Эскерте кетсек, 14-ноябрь күнү кечинде Бишкек ШИИББинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын оперкызматкери Бакай Сыдыгалиев кызматтык милдетин аткаруу учурунда ок тийип каза тапкан эле. Түрмөдөн качып чыгып, издөөдө жүргөн Александр Сояпинди кармоо учурунда кылмышкер ок чыгарып, оперкызматкерге эки ок тийген.