Токмокто 18 жаштагы кызды ала качып бара жаткандар кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, күч органдарына Кош-Коргон айылынын жашоочусу, 18 жаштагы кыз кайрылган. Анда ал 12-ноябрь күнү белгисиз 5 бала каршылык көрсөткөнүнө карабай унаага салып кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Нарын облусунун 3 тургуну жана Чүй облусунун 2 тургуну кармалган. Алар кызды Нарын облусуна ала качып бара жатышканын айткан. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.