Орусиялык футболчу Александр Кержаков 29-голун киргизип, улуттук курама үчүн голдордун саны боюнча экинчи орунга чыкты

Футбол боюнча Орусия курама командасынын чабуулчусу Александр Кержаков улуттук курама команда үчүн киргизген голдорунун санын 29га жеткирип, бул көрсөткүч менен СССР жана Орусия курамасынын тарыхындагы бомбардирлер тизмесинде 2-орунга чыкты. А.Кержаков 29-голун кечээ, 18-ноябрда Венгрия менен болгон жолдоштук оюнда киргизди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кабарлашты. 
Маалыматка ылайык, ал голдорунун саны боюнча Олег Протасов менен теңелди. Эми голдордун саны боюнча аны жалгыз гана Олег Блохин артта калтырып келет. Ал кезинде 42 гол киргизген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан