"Түштүк Кореяда өткөн Азия оюндарына спортчу алган жаракатына карабай катышуу үчүн учуп барыптыр. Мени Олимпиадага даярдоо борбору же башкы машыктыруучу бул тууралуу кабардар кылышы керек болчу. Мен спортчу жаракат алганына карабай барганын мелдеш күнү билдим. Бул боюнча машыктыруучуга жана тиешелүү кишилерге карата жаза колдонулушу керек". Мындай маалыматты бүгүн, 19-ноябрда маалымат жыйынынын жүрүшүндө Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору
Кадырбек Эргешов билдирди.
"Аны спортчу деле айтып койсо болот эле. Бирок жаштык кылып, чет жерди көрүп келүүнү кааласа керек. Негизи, аны башка спортчу менен алмаштыра алмак эмеспиз, убакыт аз эле. Ошентсе да эч болбосо бюджеттен кичине каражат үнөмдөп калмакпыз",- деп кошумчалады ал.