Кот-д’Ивуардын футбол курамасы кийинки баскычка чыкканда тартип сакчыларына моюн бербеген күйөрмандар майданга чуркап түшүштү

Кот-д’Ивуардын футбол боюнча курама командасы тандап алуу турунун акыркы турунда Камерун менен тең эсепте ойноп, Африканын 2 жылда бир өтүүчү биринчилигине катышуу укугун алды. Оюнга чейин күйөрмандар мелдештин финалдык баскычына чыга албасын болжошкон. Мындай жыйынтык катталган соң күйөрмандар майданга чыгып, жакшы жаңылыкты футболчулар менен биргеликте белгилешти. Аларга тартип сакчыларынын да алы жетпей турду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Кошумчалай кетсек, Африканын улуттук курамалар арасындагы чемпиондугу 2015-жылы 30-ирет уюшулмакчы. Марокко Эбола вирусуна байланыштуу мелдешти өз үйүндө өткөрүүдөн баш тартканы айтылып келет. Азырынча мелдештин кайсы мамлекетте өтө турганы суроо бойдон калууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bossmos7
2014-11-20 17:08:09
Африка ))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан