Италиялык “Феррари” командасы германиялык автожарышчы, автожарыштардын "Формула-1" сериясы боюнча акыркы 4 жылда чемпион болгон Себастьян Феттель менен 3 жылдык келишим түздү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Буга чейин австриялык “Ред Булл” командасынын намысын талашып келген С.Феттель 2014-жылкы сезондун соңунда команданын толук кандуу мүчөсүнө айланат. “Менин карьерамдын кийинки баскычы легендарлуу Михаэль Шумахер кезинде намысын коргоп келген “Феррариде” уланары кубантат. Мен кичинемде бул командада оюн көрсөтүүнү катуу кыялданчумун. Эми мен бул команданы сап башына алып чыгып, мурунку ийгиликтерин кайталоого болгон күчүмдү жумшайм”,- дейт Феттель. “Ферраринин” башкы автожарышчысы болуп келген испаниялык Фернандо Алонсо карьерасын “Макларенде” улантат.
Кошумчалай кетсек, "Формула-1" боюнча Дүйнө биринчилигинде жеңүүчү 19 жарышта топтогон упайлардын негизинде аныкталат. 2014-жылкы сезондо командалык эсепте “Мерседес” командасы алдыда келүүдө (651 упай). Ал эми жекеликте алдынкы бештикте Льюис Хэмилтон (“Мерседес” командасы, 334 упай), Нико Росберг (“Мерседес” командасы, 317 упай), Даниэль Риккардо (“Ред Булл” командасы, 214 упай), Себастьян Феттель (“Ред Булл” командасы, 159 упай) жана Фернандо Алонсо (“Феррари” командасы, 157 упай) сыяктуу спортчулардын ысымдары бар.