Бүгүн, 20-ноябрда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешовдун буйругу менен Олимпиадага даярдоо борборунун директору болуп Үсөнкан Майназаров дайындалды. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы маалымдады.
Кошумчалай кетсек, буга чейин бул кызматты Назирдин Акылбеков аркалап келген. Анын бөлүнгөн каражатты туура эмес колдонуп, аталган борборду чыгымга алып келгени үчүн кызматтан алынганын кечээ, 19-ноябрда Кадырбек Эргешов билдирген эле.