Түрдүү спорт түрлөрүнөн суурулуп чыгып, улуттук курама командага кирип, ай сайын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен стипендия алган 240 спортчу бар экени белгиленген. Бул жаатта алардын ийгиликтерин тескеп, көрсөткөн жыйынтыгына атайын отурумдун жүрүшүндө баа берип, стипендиянын суммасын арттыруу же кемитүү чечимин кабыл алган комиссия иш алып барат. Отурум жыл ичинде 2 ирет шарттуу түрдө уюшулат. 2014-жылдын экинчи жарымына карата көрсөткүчтө (1-июлдан 31-декабрга чейинки аралык) мамлекет спортчуларга ай сайын төлөп берүүчү стипендиянын суммасы 1 миллион 816 миң сомду түзгөн (кийинки 3 чечимге карата жалпы сумма жана спортчулардын саны дагы өзгөргөн). Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда SUPER.KG порталына Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев маалымдады.
Маалыматка ылайык, мамлекет тарабынан стипендия алган спортчулар түрдүү мелдештерде жараткан ийгиликтерине жараша 7 категорияга бөлүнүшөт. Мисалы, эң жогорку категорияда кикбоксчу Алексей Федосеевдин гана ысымы бар. Жайында Дүйнө чемпиондугун уткан А.Федосеев айына 45 миң сом суммасындагы стипендия алат. Ал эми кийинки категорияда (биринчи) Азия чемпиондуктарында, Дүйнө чемпиондуктарында жыйынтык көрсөткөн 11 спортчу бар (алардын төртөө 1-ноябрдан тарта тизмеге кошулушту). 2013-жылы Азия чемпиондугун уткан Азат Усеналиев менен Руслан Царев баштаган 1- категориянын өкүлдөрү 25 миң сомдон алышат. Бул июль айындагы көрсөткүчкө таянган жыйынтык. Стипендиянын суммасын арттыруу, кемитүү, такыр бербөө боюнча сунуштарды спорттук федерациялар, Улуттук олимпиада комитети жана адистештирилген спорт мектептери жибере алышат. Арыздар бир жыл ичинде өткөн ар бир мелдеш соңунда кабыл алына берет. Арыздар менен таанышып чыккан соң Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тиешелүү чечимди чыгарат.
КОШУМЧА МААЛЫМАТТАР:
* 1-август, 2014-жыл.
Атайын чыгарылган чечим боюнча Лука Орлов, Керим Казакбаев, Динур Сулайманов сыяктуу спортчулар 8 миң сомдон, Бурго Бейшалиев менен Рустам Рахматуллаев 5 миң сомдон каражат ала башташты.
* 1-сентябрь, 2014-жыл.
Рустам Тейишовдун стипендиясынын суммасы артып, учурда 15 миң сомду түзүүдө. Ал эми Атабек Азисбеков менен Абдукарим уулу Жыргалбек бул учурдан тарта 5 миң сомдон алышат.
* 1-ноябрь, 2014-жыл.
Азия оюндарында көрсөткөн жыйынтыктары үчүн Магомед Мусаев, Евгений Ваккер, Догдурбек уулу Эламан жана Турат Осмоновго 25 миң сом өлчөмүндөгү каражат төлөнө баштады. Ал эми Сулайманбек уулу Акжол, Изат Артыков, Жаңыл Окоева, Самат Шырдаков, Азат Бейшебеков ушул күндөн тарта 15 миң сомдон алышары белгилүү болсо, Элиза Аскаровага 3 миң сомдон төлөнөт.
* Резервде турган спортчулар 2-3 миң сомдон алышат
Нурдин Султамбаев белгилеп өткөндөй, аз каражат алган спортчулардын басымдуу бөлүгү өлкө чемпиондугунда жакшы жыйынтык көрсөткөн келечектүү жаш спортчулар. Мамлекет аларга шык берүү үчүн аз да болсо акча каражаты менен көзөмөлүндө кармап турат.
* Стипендия - спортчулардын айлыктары
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги төлөп берип жаткан стипендия спортчуларга айлык иретинде берилет. Ошол себептүү кечиктирилбей, өз убагында тапшырылышы керек. Ашып кетсе 5-10 күн кармалышы мүмкүн.
* Мындан тышкары федерация жана демөөрчүлөр камсыздайт
Спортчуларга федерациялар дагы каржылык колдоо көрсөтүшөт. Аталган агенттик чет жерлерге жибере албай калган спортчуларды федерациялар жана демөөрчүлөр жөнөтүшөт.
* Коррупциянын алдын алуу үчүн спортчуларга акчалар банк аркылуу которулат
Спортчулар акчаларын банк аркылуу алышат. Эгер спортчу банк менен келишим түзбөгөн болсо гана акча накталай колго берилет.
1-июлдан 31-декабрга чейинки аралыкка алдын ала бекитилген стипендиялардын көрсөткүчү:
Категория |
Категориядагы спортчулардын саны |
1 спортчу алчу каражат |
Жогорку |
1 |
45 миң сом |
I |
7 |
25 миң сом |
II |
40 |
15 миң сом |
III |
73 |
8 миң сом |
IV |
59 |
5 миң сом |
V |
40 |
3 миң сом |
VI |
20 |
2 миң сом |
Стипендия алган алдынкы 3 категориянын өкүлдөрү
Эң жогорку категория |
||||||||||
№ |
Спортчу |
Туулган жылы |
Спорттук даражасы |
Спорт түрү |
Стипендия (айына) |
|||||
1. |
Федосеев Алексей |
1986 |
Эл аралык класстагы спорт чебери |
Кикбоксинг |
45 миң сом |
|||||
Жалпы:45 000 сом |
||||||||||
1-категория |
||||||||||
1. |
Усеналиев Азат |
1991 |
Эл аралык класстагы спорт чебери |
Бокс |
25 миң сом |
|||||
2. |
Акопян Арам |
1971 |
Эл аралык класстагы спорт чебери |
Грек-рим күрөшү |
25 миң сом |
|||||
3 |
Каналбек уулу Ильгиз |
1988 |
Спорт чебери |
Дзюдо |
25 миң сом |
|||||
4 |
Кенжеев Жанарбек |
1985 |
Эмгек сиңирген спорт чебери |
Грек-рим күрөшү |
25 миң сом |
|||||
5 |
Царев Руслан |
1991 |
Эл аралык класстагы спорт чебери |
Грек-рим күрөшү |
25 миң сом |
|||||
6 |
Жолчубеков Калыбек |
1989 |
Спорт чебери |
Грек-рим күрөшү |
25 миң сом |
|||||
7 |
Тыныбекова Айсулуу |
1993 |
Эл аралык класстагы спорт чебери |
Кыз-келиндер күрөшү |
25 миң сом |
|||||
Жалпы: 175 000 сом |
||||||||||
2-категория |
||||||||||
1 |
Сакенов Эрмек |
1987 |
Эл аралык класстагы спорт чебери |
Бокс |
15 миң сом |
|||||
2 |
Малабеков Өмүрбек |
1991 |
Эл аралык класстагы спорт чебери |
Бокс |
15 миң сом |
|||||
3 |
Паренко Сергей |
1989 |
Спорт чебери |
Бокс |
15 миң сом |
|||||
4 |
Түркбай уулу Мирлан |
1990 |
Спорт чеберине талапкер |
Бокс |
15 миң сом |
|||||
5 |
Осмонов Турат |
1993 |
Спорт чеберине талапкер |
Бокс |
15 миң сом |
|||||
6 |
Тилегенова Розалия |
1994 |
Спорт чебери |
Кыз-келиндер күрөшү |
15 миң сом |
|||||
7 |
Рамонов Мурат |
1990 |
Спорт чебери |
Грек-рим күрөшү |
15 миң сом |
|||||
8 |
Эралиев Арсен |
1990 |
Спорт чебери |
Грек-рим күрөшү |
15 миң сом |
|||||
9 |
Кожобек уулу Эсенгелди |
1992 |
Спорт чебери |
Эркин күрөш |
15 миң сом |
|||||
10 |
Алымбаев Алтынбек |
1985 |
Спорт чебери |
Эркин күрөш |
15 миң сом |
|||||
11 |
Надырбек уулу Самат |
1991 |
Спорт чебери |
Эркин күрөш |
15 миң сом |
|||||
12 |
Инокентьев Инокентий |
1988 |
Спорт чебери |
Эркин күрөш |
15 миң сом |
|||||
13 |
Мусаев Магомед |
1989 |
Спорт чебери |
Эркин күрөш |
15 миң сом |
|||||
14 |
Жолдошбеков Улукбек |
1996 |
Спорт чебери |
Эркин күрөш |
15 миң сом |
|||||
15 |
Андреева Юлия |
1984 |
Спорт чебери |
Жеңил атлетика |
15 миң сом |
|||||
16 |
Маслова Дарья |
1995 |
Спорт чебери |
Жеңил атлетика |
15 миң сом |
|||||
17 |
Файсканова Ксения |
1995 |
Спорт чебери |
Жеңил атлетика |
15 миң сом |
|||||
18 |
Полюдина Виктория |
1989 |
Спорт чебери |
Жеңил атлетика |
15 миң сом |
|||||
19 |
Дорофеев Игорь |
1990 |
Спорт чебери |
Каноэ жана байдарка менен жарышуу |
15 миң сом |
|||||
20 |
Бондарь Максим |
1991 |
Спорт чебери |
Каноэ жана байдарка менен жарышуу |
15 миң сом |
|||||
21 |
Молтаев Руслан |
1994 |
Спорт чебери |
Каноэ жана байдарка менен жарышуу |
15 миң сом |
|||||
22 |
Аканов Нурбек |
1987 |
Спорт чебери |
Бел боо күрөшү |
15 миң сом |
|||||
23 |
Кожобеков Нурбек |
1989 |
Спорт чебери |
Бел боо күрөшү |
15 миң сом |
|||||
24 |
Кузнецов Никита |
1989 |
Спорт чебери |
Айкалышкан 5 спорт түрү |
15 миң сом |
|||||
25 |
Айтимбетов Темирлан |
1987 |
Спорт чебери |
Айкалышкан 5 спорт түрү |
15 миң сом |
|||||
26 |
Бактыбеков Данияр |
1989 |
Спорт чебери |
Айкалышкан 5 спорт түрү |
15 миң сом |
|||||
27 |
Ваккер Евгений |
1974 |
Эмгек сиңирген спорт чебери |
Велоспорт |
15 миң сом |
|||||
28 |
Краковецкий Юрий |
1993 |
Эл аралык класстагы спорт чебери |
Дзюдо |
15 миң сом |
|||||
29 |
Калиев Эсен |
1982 |
Спорт чебери |
Пауэрлифтинг |
15 миң сом |
|||||
30 |
Орозбаев Жыргал |
1985 |
Спорт чебери |
Пауэрлифтинг |
15 миң сом |
|||||
31 |
Дарканбаев Сталбек |
1987 |
Эл аралык класстагы спорт чебери |
Кикбоксинг |
15 миң сом |
|||||
32 |
Касымбеков Улан |
1991 |
Эл аралык класстагы спорт чебери |
Кикбоксинг |
15 миң сом |
|||||
33 |
Жалиев Кумар |
1986 |
Эл аралык класстагы спорт чебери |
Кикбоксинг |
15 миң сом |
|||||
34 |
Кашкараев Данияр |
1989 |
Эл аралык класстагы спорт чебери |
Тай бокс |
15 миң сом |
|||||
35 |
Кибкало Алексей |
1992 |
Спорт чебери |
Бий спорту |
15 миң сом |
|||||
36 |
Когадей Татьяна |
1993 |
Спорт чебери |
Бий спорту |
15 миң сом |
|||||
37 |
Наумкин Евгений |
1982 |
Спорт чебери |
Фехтование |
15 миң сом |
|||||
38 |
Иванов Михаил |
1989 |
Спорт чебери |
Фехтование |
15 миң сом |
|||||
39 |
Черных Александр |
1976 |
Спорт чебери |
Фехтование |
15 миң сом |
|||||
40 |
Петров Роман |
1991 |
Спорт чебери |
Фехтование |
15 миң сом |
|||||
Жалпы: 600 000 сом |
||||||||||
<