Жактоочу: "Токмокто инкассатор унаасын тоногонго шектүүнүн колун таңып, башына пакет кийгизип кыйнашкан"

"Токмокто инкассатор унаасын карактаган" деп шектелип кармалган жаран кыйноого кабылган. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда маалымат жыйыны учурунда шектүүнүн жактоочусу Азамат Карасартов билдирди.

Анын айтымында, 17-ноябрь күнү 21 жаштагы Мирлан Букарбаев Токмокто болгон карактоо фактысына шектелип кармалган. Ишти моюнуна алдырыш үчүн тергөөчүлөр аны кыйнашкан.

“Мирлан Букарбаевди Чүй облустук жана Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери катуу кыйнашкан. Аны менен жолукканымда 3 жолу эсин жоготуп жыгылганын, колун жип менен таңып, башына пакет кийгизишкенин айтты. Кардарымдын эч кандай бул ишке катыштыгы жок. Ал Кыргыз улуттук университетинде 4-курста окуйт”,- деди Азамат Карасартов.

Буга чейин Токмокто жеке күзөт компаниясына тиешелүү инкассатор унаасы тонолгону айтылган эле. Анда инкассатор унаасын бет капчан адамдар башкарган унаа келип сүзгөн. Андан соң кылмышкерлер унаанын ичиндегилерге тапанча такап, акча салынган баштыкты жана күзөт компаниясына тиешелүү куралды алып кетишкен.

Алдын ала маалыматтарга караганда, каракталган акча бир канча май куюучу жайдын эки күндө тапкан кирешеси болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Bazake
2014-11-21 15:08:16
ХХХдар
+1
admin_superstan
2014-11-21 15:46:34
Bazake, мазактоодон алыс болууну сунуштайбыз.
+1
tolkun85
2014-11-21 15:23:16
эптеп делону жабыш керек да буларга.
+1
sauleshka
2014-11-21 15:30:40
ХХХ ХХХ ХХХ.Oshol kyinagan operlerdin ozdorun bir tuugandaryn ushundai kyinashsa eken bashkalar.
0
admin_superstan
2014-11-21 15:45:04
sauleshka, этика нормаларын сактап, жаргон сөздөрдү колдонуудан алыс болуңуз! Эскертүү!
-1
bema_bema
2014-11-21 16:40:46
Милицияларга да ушундай кун туш келет
0
cubich
2014-11-21 16:44:33
Бул жашоо бумеранг. Бул жашоодо жооп бербесе да бул тергоочулолр аркы дуйнодо жооп берет.Же балдары.
+1
Feijipiao
2014-11-21 17:47:35
Кантип ушундай ишке барышат билбейм.Оздорун ошол баланын ордуна коюп корсо болбойбу же баласын же бир тууганын дегендей.Жазанарды аласынар убагы келсе.
0
Ulik82
2014-11-22 16:44:29
Feijipiao, буларда боор деген жок.буларга итибиздинда куну тушпосун!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан