Ош. Эстакадалык көпүрөнүн курулушуна жарандардын кошкон салымын жок кылганы үчүн мурдагы вице-мэрге кылмыш иши козголду

Кечээ, 20-ноябрда Ош ШИИБинин тергөө бөлүмү Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Дастан Ходжаевдин үстүнөн КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу же жок кылуу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кылмыш иши шаардагы эстакадалык көпүрөнүн курулушуна жарандардын кошкон салымдары жок болуп кеткендигинен улам козголгон. "Жарандардын түздөн-түз көрсөтмөсүнө ылайык кылмыш иши козголду. Ош ШИИБинин 5-бөлүмү бул багытта иш жүргүзүп жатат. Кимде-ким дагы ушундай салымдарды кошкон болсо, 0557 20-79-20 номерине кабарлап коюшуңуздарды суранабыз. Мурдагы вице-мэр тергөө бөлүмүнө суракка чакырылат",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Munar_6052
2014-11-21 14:33:46
ХХХ ушундай жумушка эмнеге аласынар анан,
0
admin_superstan
2014-11-21 15:04:56
Munar_6052, башкалардын улутун кемсинтүүгө тыюу салынган! 3 күн БАН!
0
arena2014
2014-11-21 14:44:52
Мелисти жок кылдынар эми орун басарына келипсинерда кашайган бийлик мин наалат силерге!!!!!!!
+5
bema_bema
2014-11-21 16:59:22
Сопсоонун эле иштеген,булжон гана потстава
-3
altai86
2014-11-21 20:57:49
Элдин акчасын кантип жесин бул деген жалган жалааго
0
jarkyn_jakta_jasha
2014-11-22 10:04:20
Дастан Ходжаевдин улуту кыргыз
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан