Орусиянын Нижневартовск шаарынан эл аралык издөөдө жүргөн Талас шаарынын 1993-жылы туулган Б.Т. аттуу жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда SUPER.KG порталына Талас ОИИБинин басма сөз кызматынын ага инспектору Максат Абдысейитов билдирди.
“Аталган жаран 2012-жылдын 24-августунда Талас шаарынын тургуну, 1994-жылы туулган Т.Т. аттуу жаранды өлтүргөн деген шек менен Талас ОИИБи тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча айып тагылып, ага издөө жарыяланган. Талас ОИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан Орусиянын Ички иштер министрлигине кошумча маалыматтар берилип тургандыгынын натыйжасында аталган кылмышкердин жүргөн жери толугу менен такталып, орусиялык кесиптештердин жардамы менен кармалды”,- деди ал.
Маалым болгондой, учурда кылмышка шектүү жаранды Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси чечилди, жакынкы убакыт аралыгында анын алынып келүүсү күтүлүүдө.