Бүгүн, 21-ноябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда КРнын Башкы прокуратурасынын түзүлгөнүнүн 90 жылдыгына карата бокс боюнча республикалык мелдеш аяктады. 1999-2000-жылдары туулган мушкерлер арасында өткөн мелдешке 7 облустан жана Ош, Бишкек шаарларынан биригип 130га чукул мушкер катышып, 9 салмактык бөлүктө жеңүүчүлөр аныкталды.
КРнын Бокс федерациясынын президенти, Октябрь районунун прокурору Абдыбакыт Халмурзаев SUPER.KG`ге курган маегинде бул мелдеш тарыхта экинчи гана ирет уюшулуп жатканын баса белгиледи. “Мелдешти Башкы прокуратура менен Улуттук бокс федерациясы биргеликте уюштурду. Башкы максат өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту болтурбоого, бул спорт түрүн жайылтууга багытталат. Ошондой эле 2015-жылкы Азия оюндарына жана Дүйнө биринчилигине карата өспүрүмдөр арасында курама команданы түзүүнү көздөдүк. Мелдеш буга чейин 2009-жылы Башкы прокуратуранын 85 жылдыгына карата Ошто өткөн. Быйыл 90 жылдыкка карата республикалык деңгээлде өткөрүп отурабыз. Укук коргоо органдарынын спортко көңүл бурганы жакшы жышаан. Мындай биринчилик мындан ары да жыл сайын облустук, райондук деңгээлде өтүп турат, мааракелик майрамдарга карата гана республикалык деңгээлде уюштурабыз. 1999-2000-жылы туулган балдардын арасында биринчи күнү уттуруп койгондордун ичинде деле татыктуулар бар экен. Ушул балдарга көңүл буруп, машыктыруучуларга көрсөтмө берсек, улуттук курамга келчү татыктуу балдар бар экен”,- деп кошумчалады ал. Ал эми Свердлов районунун прокурору Жылдызбек Исмаилов спорт чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн кылмыш дүйнөсүнө аралашуусуна бөгөт коюу максатында уюшулган мелдештин деңгээлин жогору баалады. “Финалдык беттештерге күбө болдум, балдар мыкты беттештерди көрсөтүштү. Биздин жаштарыбызда келечек кең экен. Жаштар дал ушундай мелдештерге көп-көп катышып турса, бул спорт түрү мыкты өнүгөт”,- деди ал.
* Мелдештин жүрүшүндө көрсөткөн мыкты оюну үчүн 52 килограмм салмакта 2-орунду ээлеген Адихамов Хожиакбар "Мыкты мушкер" сыйлыгын алды. Евгачев Орозбек "Мыкты машыктыруучу" наамы менен сыйланды.
42 килограмм салмакта
1-орун. Ырысбек уулу Рустам (Бишкек)
2-орун. Болотбек уулу Азирет (Нарын облусу)
3-орун. Абдыжапар уулу Эрлан (Ош облусу), Жаанбаев Кубаныч (Жалал-Абад облусу)
44 килограмм салмакта
1-орун. Муратов Рустам (Ысык-Көл облусу)
2-орун. Муканбетов Арген (Ысык-Көл облусу)
3-орун. Эркинов Байдалы (Чүй облусу), Юлдашев Ратмир (Талас облусу)
46 килограмм салмакта
1-орун. Муратбек уулу Мирлан (Бишкек)
2-орун. Эгемберди уулу Адилет (Ысык-Көл)
3-орун. Сейдакматов Санжай (Бишкек), Нурлан уулу Темирлан (Бишкек)
48 килограмм салмакта
1-орун. Таалайбек уулу Роман (Чүй облусу)
2-орун. Кубаныч уулу Адилет (Бишкек)
3-орун. Токтомбаев Байэл (Бишкек), Аралбаев Канат (Бишкек)
50 килограмм салмакта
1-орун. Жапаров Анарбек (Ысык-Көл)
2-орун. Улукбек уулу Чынбагыш (Чүй облусу)
3-орун. Абдурахманов Асадбек (Ош), Матмусаев Ильяз (Жалал-Абад)
52 килограмм салмакта
1-орун. Бакыт уулу Айдар (Ысык-Көл)
2-орун. Босунбаев Болот (Чүй)
3-орун. Байзаков Темирлан (Ош), Кубанычбек уулу Али (Ош)
54 килограмм салмакта
1-орун. Мукаш уулу Айбек (Чүй)
2-орун. Адихамов Хожиакбар (Бишкек)
3-орун. Сафеев Камчыбек (Ош), Маматалиев Сыймык (Баткен)
57 килограмм салмакта
1-орун. Жылдызбек уулу Акназар (Чүй)
2-орун. Азисбек уулу Нурсултан (Бишкек)
3-орун. Асанбаев Руслан (Жалал-Абад), Шайырбек уулу Бекзат (Ош)
60 килограмм салмакта
1-орун. Сейдибалиев Даниель (Бишкек)
2-орун. Ырыскулов Эржан (Чүй)
3-орун. Камчыбек уулу Кайрат (Бишкек), Айтиев Бекбол (Ош)
63 килограмм салмакта
1-орун. Кыдыров Эрлан (Ысык-Көл)
2-орун. Каланов Орунбек (Баткен)
3-орун. Касимов Хайим (Ош), Аблаев Аслан (Чүй)
66 килограмм салмакта
1-орун. Өмүрбек уулу Данияр (Бишкек)
2-орун. Акылбек уулу Айбек (Ош)
3-орун. Баймырзаев Авазбек (Ош), Бекжанов Султан (Талас)
70 килограмм салмакта
1-орун. Омуров Агзам (Чүй)
2-орун. Исамитдин уулу Айдарбек (Баткен)
3-орун. Арваза Абдул-Азиз (Бишкек), Садыбакасов Сыймык (Бишкек)
75 килограмм салмакта
1-орун. Чаткалбеков Алишер (Талас)
2-орун. Конокбаев Талант (Ысык-Көл)
3-орун. Таштемиров Рустам (Жалал-Абад), Бектурсунов Урмат (Ысык-Көл)
80 килограммдан жогорку салмакта
1-орун. Жанжигитов Баяман (Чүй)
2-орун. Султаналиев Темирлан (Ош)
3-орун. Сабитов Вахид (Ысык-Көл), Чайка Айдар (Талас)