Баткен облусунда жол-кайгуул кызматкерине пара сунуштаган Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, окуя 19-ноябрда Кадамжай-Айдаркен унаа жолунда катталган. 54 жаштагы Өзбекстандын жараны Мирзабек Хамроев оор жүк жүктөп келаткан унааларды токтотпоону жана административдик протокол түзбөөнү суранып 40 доллар өлчөмүндө пара сунуштаган. Унаалар айып жайына токтотулуп, иликтөө иштери уланууда.