Боксчу Мэнни Пакьяо атаандашын 6 ирет нокдаунга учуратканына карабай упай эсебинде жеңишке жетишти

23-ноябрь күнү Кытайда филиппиндик боксчу Мэнни Пакьяо италиялык Крис Алгиери менен беттешип, WBO версиясы боюнча Дүйнө чемпиондугу наамын сактап калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт. 
Маалыматка ылайык, беттештин алгачкы раунддарынан тарта эле үстөмдүгүн орнотуп, беттештин жүрүшүн көзөмөлүнө алды. 12 раундга созулган беттештин жүрүшүндө Пакьяо атаандашын 6 ирет нокдаунга учуратты. Ал эми Алгиери акыркы раунддарды коргонууну бекемдөө менен гана алек болуп, дээрлик чабуул уюштурган жок. Жыйынтыгында 3 каптал калыстын чечими менен Мэнни Пакьяо упай эсебинде жеңишке жетишти (119:103, 119:103, 120:102).  
Кошумчалай кетсек, Пакмен атка конгон филиппиндик мушкер 57 беттеш өткөрүп, анын 50сүндө жеңишке жетишкен. Анын карамагында 2 тең чыгуу жана 5 жеңилүү бар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Patrik
2014-11-23 15:09:11
Азаматсын иним.
+1
Manasemetei
2014-11-24 03:51:03
Paki.azamaysyn men seni jana boilorundu syilaim.sen erkek4e uruwasyn
+1
as.fanat
2014-11-24 09:01:33
...Пак эркек) бирок акыркы утулушунда жаман сонун уктап калгансын да, левый встречныйды кучактап алып)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан