Лейтенант тапанча менен катардагы жоокерди атып алып, жарадар жоокер ооруканага жетпей каза болду

Лейтенант аскер кызматындагы жоокерге кокусунан ок чыгарып, ал ооруканага жетпей каза болду. Бул тууралуу КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 22-ноябрь күнү 23:55 чамасында 97632-аскердик бөлүктө кызмат өтөгөн лейтенант А.А.Турматов кокусунан тапанчадан ок чыгарган. Жаңылган ок келишимдик негиздеги жоокер Б.М.Көчөрбаевге тийип, анын ээги жана моюну жабыркаган. Жаракат алган жоокер шаардык ооруканага жетпей каза болгон. Натыйжада КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы тарабынан кызматтык изилдөө боюнча буйрук чыгып, материалдар тиешелүү органдарга тапшырылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
novayariga
2014-11-23 17:44:44
Лейтенанттын тушуно жаман нерселер кирип ,атышып жаткан экен. ойгонуп кетсе чын эле ок чыгып кетиптир. Балеени кокусунанбы нак эле разборка бул.
+3
nizam
2014-11-23 18:01:41
баары жалаган кыргызстанда болбой калды сужулба кылган
0
diiazbek
2014-11-23 18:02:54
Кокусунан имиш тамаай еле аткан корунтко
+2
samidinova84
2014-11-23 18:15:16
Байкуш кайсыл шордуу ата энени сыздатты болду экен.Кокусунан атып жибергидей,акылы токтой элек,4,5 жаштагы бала беле Лейтенант?Жоокердин жаткан жери жайлуу болсун.
+6
Nuri-Alina
2014-11-23 19:44:22
Кантип колу барды экен очошуп жургон окшойтта кокузунан болбойт
0
GULZAT.83
2014-11-23 19:44:30
Бешенесине жазылган тагдыркендаа кап!..
0
temirov76
2014-11-23 19:47:47
Ушинте берсе кайсы ата эне баласын армияга жиберет?
+2
kadam
2014-11-23 21:23:15
Менин жээним Кой-ташта кызмат өтөп келди. Бир прапорщик бар дейт, жеткен мыкаачы, ал постко турганда шорубуз катчу.Анын колунан каза болгондорду несчатный случай деп коюшат деп айтканда жакабызды кармадык тобоо деп.
0
Bandit_bala
2014-11-23 21:45:19
Tunku saat 12 de ne leitenantka anyn janynda ne bar deim da .bul jerde bir nerse bar.jakwylap izildew kerek
0
ayaza
2014-11-23 23:01:27
Бул ишти изилдеп,куноолуну закон чегинде жазалаш керек,"кокусунан" деп свободада жургузбой,антпесе мындай нерселер кайталана берет!!!
0
jamri
2014-11-24 08:30:17
Мындайлар кайталанып эле жатпайбы ушунун баарын коруп билип туруп анан кантип балдарыбызды армияга жиберебиз минтип олуп калгандар айласыздан билинип атат олумго чейин кыйналгандар канча дейсинер деги мындай нерселер качан токтойт качан
0
tynara1983
2014-11-24 12:50:58
Турмого камаш керек Лейтенатты !!!!! Жок дегенде он жылга, кантип еле кокусунан ок чыгып кетсин ?
-1
Adiko..91
2014-11-25 08:34:43
kantraknik orop koiso kerek da leitenatka mm walakylyk bul
+1
Bekkul0211
2014-11-27 18:18:42
Кырсык каш кабактын ортосунда дейт...
Тунку саат 12де военныйлар эмес, гражданкадагылар да уктабайтта гаджеттерин чукулап, тем более военный киши службада болсо туну мн уктабайт. Эгер приказ келсе тун жарымда аялындын койнунда жаткан болсонда туруп барышка милдеттуусун.
Кайтыш болгон солдат ал куну нарядка тушкон ( наряд жонундо тушунук болсо эгер силерде), кокус аткан офицер магазинде ок бар экенин билген эмес, тагыраак айтканда пистолет башка офицердики, магазинин чыгарып ойношко
0
Bekkul0211
2014-11-27 22:00:27
магазинин чыгарып ойношкон, аны кайра салып койгонунан кабары болгон эмес. Эки кишинин ортосунда эч кандай конфликт болбогон.
Эгер машинанды кокусунан уруп алсан, эмне акылы токтой элек 4,5 жашар баласынбы машинанды башкара албагыдай. Ошондой эле окта кокусунан атылган.
Иштин жонун билип-билбей талкуулай берген болбойт. Мен курсантмын, военный ситуациялардан тушунугум бар, келечектеги лейтенант
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан