Аламүдүн районунда карызга бербей койгону үчүн сатуучу айымды башка чаап өлтүргөн жаран кармалды

Аламүдүн районунда адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 24-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында Беш-Күнгөй айылында 65 жаштагы сатуучу айымдын жансыз денеси табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган. Анын натыйжасында кылмышка шектүү катары ошол эле айылдын 26 жаштагы тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышка шектүү сатуучудан карызга арак берүүсүн сураган. Бирок сатуучу айым ага көнбөгөндүктөн, аны катуу нерсе менен башка чапкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
NooKeN_KG
2014-11-24 08:39:43
Жаткан жери жайлуу болсун.

Кылмышкер омурунун акырына чейин камалса жакшы болмок!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан