Бишкектеги банктардын биринин филиалы тонолду

"Бишкектеги банктардын биринин филиалын тоногон" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда күч органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, тоноо фактысы кечээ, 23-ноябрь күнү болгон. Анда Л.Толстой көчөсүндө жайгашкан “ЭкоИсламикБанктын” филиалынын коопсуздук кызматкерин белгисиз эки жаран тапанча менен коркутуп, банктагы 1,5 миллион сом, 15 миң доллар, 500 миң рубль, 174 миң теңгени алып кетишкен. Ошол эле күнү кылмышка шектүү катары 30 жаштагы жаран кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди, ал эми экинчисин кармоо иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Apsi
2014-11-24 09:32:51
шумдугун кургур
0
bekos2012
2014-11-24 10:05:31
Акчаны кайтарыптырбы?
0
NooKeN_KG
2014-11-24 10:18:40
Мынча коп акчаны не кылат?
-1
Dadasdasd
2014-11-24 10:31:41
Мен окуяга кубо болдум. Кочодо эле кинодогудай атышуу болбу. Бирок кууп жетип кармап алышты азаматтар баа бердим.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан